10.07.2019 10:12

Өлкөгө Volvo унаасын мыйзамсыз алып кирүүдөн мамлекетке ири зыян келтирилди

Өлкөгө Volvo  унаасын мыйзамсыз алып кирүүдөн мамлекетке ири зыян келтирилди

Өлкөгө Volvo жүк ташуучу унаасын аткезчилик жол менен алып кирүү фактысы катталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.  

Анын маалыматы боюнча, «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын айланма жолдо 2005-жылы чыгарылган  Volvo унаасы аныкталган. Ал унаа Кыргызстанга 2016-жылы киргизилип, жасалма документтер менен катталганы белгилүү болду. 

Жыйынтыгында, мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. «Учурда келтирилген зыяндын ордун толуктатуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатат», — деп билдиришти Каржы полициясынан. 

Кымбат баалуу унаалардын аткезчилиги боюнча иш териштирүү стадиясына келип калды. Мындай унааларды бажы төлөмдөрүн төлөбөй туруп алып кирген факт боюнча 13 кылмыш иши козголуп, 120 унаа камакка алынган. Мекеме мындай жол менен кирген автомашиналардын саны мындан да көп болушун четке какпайт.